Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргызстандын 17 жашка чейинки улуттук курамасы Азия Кубогу-2027 мелдешинин тандоо этабынын алкагындагы акыркы беттешин Монголиянын курамасына каршы өткөрдү.
Оюндун жыйынтыгында кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Тилекке каршы, бул жеңиш финалдык баскычка жолдомо алуу үчүн жетиштүү болгон жок. Себеби тандоо тобунан бир гана биринчи орунду ээлеген команда кийинки баскычка өтөт. Топтук баскычтын жыйынтыгында голдордун айырмасы боюнча Кыргызстандын курамасы Йемендин командасынан артта калып, экинчи орунду ээледи. Ал эми Йемендин курамасы Азия Кубогу-2027 мелдешинин финалдык баскычына жолдомо алды.
Кыргызстандын U-17 курамасын колдоп келген бардык күйөрмандарга ыраазычылык билдиребиз! Командабызга мындан аркы даярдыктарында жана алдыдагы беттештеринде ийгиликтерди каалайбыз!