Бүгүн, 29-сентябрь күнү «Манас» эл аралык аэропортунда футбол боюнча Ливан улуттук курама командасы конуп келип, аларды Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү жылуу тосуп алышты.
Белгилесек, Ливан курама командасы Бишкекте өтө турган Кыргызстан курама командасына каршы жолдоштук беттешке катышуу үчүн келди. Оюн 4-октябрда саат 20:00дө борбор калаадагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.