КФСтин ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ КОНОКБАЕВ ДАСТАНБЕК АЗИЯ ФУТБОЛ КОНФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КОМИТЕТИНИН МҮЧӨСҮ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

Кыргыз футболдук союзунун (КФС) вице-президенти Конокбаев Дастанбек Турсуналиевич Азия футбол конфедерациясынын Ассоциация комитетинин мүчөсү болуп дайындалды.

Дастанбек Конокбаев Азия континентини башкы футболдук уюмунда кыргыз футбол өкүлдөрүнүн катарын толуктады. Эске сала кетсек, КФСтин Аткаруучу комитетини мүчөсү Азат Сакебаев КФСтин атынан финансылык, маркетинг комитетинде – Кыргыз Спорт ТВ каналынын директору Анна Осмоналиева өкүлчүлүк кылат.

АФКдагы кыз-келиндер футболу боюнча өкүлү болсо КФСтин атынан Аткаруучу комитетинин мүчөсү Айгерим Сабралиева.

КФСтин президенти Канатбек Маматов Азия футбол конфедерациясынын Аткаруучу комитетинин мүчөсү. Канатбек Маматов континенттин башкы футболдук уюмунда 6 мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт. Андан сырткары, Азия футбол конфедерациясынын социалдык жоопкерчилик боюнча туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары.

Белгилей кетсек, АФКнын Туруктуу комитетинин өкүлдөрү Улуттук Ассоциациялардын жана АФК президентинин сунушу менен АФКнын Аткаруучу комитети тарабынан дайындалат.