Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

Максаттар жана милдеттер

 

КФСтин негизги максаттары төмөнкүлөр:

- Кыргыз Республикасында футболду (футзал, кум үстүндөгү футбол жана башка футбол түрлөрү) өнүктүрүү, жайылтуу жана үгүттөө;

- Футбол, футзал, кум үстүндөгү футбол жана башка футбол түрлөрү боюнча мелдештерди жана иш-чараларды уюштуруу;

- Футбол, футзал, кум үстүндөгү футбол жана башка футбол түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама команда мүчөлөрү болгон спортчуларды даярдоо;

- Ар тараптан жекелик өнүгүүдө футболдун ролун көбөйтүү, жарандардын ден соолугун бекемдөө жана дени сак жашоону түзүү.

 

КФСтин негизги милдеттери:

- Кыргыз Республикасындагы футболду (бардык түрлөрүн) стратегиялык жана учурдагы башкаруу;

- Кыргыз Республикасынын аймагында адилеттүү, билим берүүчү, маданият, гуманисттик баалуулуктарга ээ футболду ар дайым өнүктүрүү;

- Футбол субъекттеринин КФС нормалалын жана эрежелерди сактоосун камсыздоо;

- Футбол боюнча улуттук деңгээлиндеги ар түрдүүлүгүнө карабай мелдештерди уюштуруу;

- Спорттук регламент жана жоболорду иштеп чыгуу жана кабыл алуу, футбол субъекттеринин жүрүм-турумдук нормаларын киргизүү жана аны колдонуусун көзөмөлдөө;

- Мыйзам чегинде КФС мүчөлөрүн жана башка футбол субъекттерин коргоо, ошондой эле эл аралык уюмдарда;

- ФИФА, АФК жана КФСнин устав, регламент, директивдерин жана башка чечимдерин сактоо жана алардын эрежелерин бузуудан сактануу, ошондой эле Оюн эрежелерин КФС мүчөлөрү жана башка футбол субъекттери сактоо;

- Кыргыз Республикасынын футболуна кедергесин тийгизүүчү маселелерди, оюндардын бүтүндүгүнө коркунуч тийгизген аракет же ыкмаларды болтурбоо;

- Футболдун ар кайсы түрүндө уюшулган футбол беттештерин уюштуруу жана өткөрүүдө көзөмөлдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында КФС эгидасынын алкагында өткөрүлгөн жолдоштук беттештерге да;

- Эл аралык аренада Кыргыз футболунун позициясын жана аброюн көтөрүү, футбол жаатында ФИФА, АФК жана башка футбол уюмдары менен эл аралык мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү;

- ФИФА жана АФКнын нормаларын жана эрежелерин сактоо менен эл аралык мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү;

- Кыргыз Республикасынын улуттук курама командаларын жана клубдук командалардын эл аралык аренада ийгиликтүү оюн көрсөтүүсүн камсыздоо, жогорку деңгээлдеги спортчулардын даярдык системасын жакшыртуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, спортчулар, машыктыруучулар жана бул жааттагы башка адистердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, футбол ардагерлерине камкордук көрсөтүү;

- Футбол инфраструктураларды жана материалдык-техникалык базаларды жакшыртуу;

- Футбол жаатындагы илимий  уюмдарды, билим мекемелерин жана спорттук даярдык борборлорун негиздөө жана өнүктүрүү;

- Ыйгарым мамлекеттик  органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелердин футболго тиешеси бар Кыргыз Республикасынын мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук-акттарды жакшыртууга көмөктөшүү;

- ФИФА жана АФКнын же алардын алдында өткөн иш-чараларда, эл аралык спорттук жана олимпиадалык кыймылдарда кыргыз футболунун кызыкчылыгын көрсөтүү;

- Антидопингдик талаптарды аткаруу, адилеттүү жана медициналык жактан таза футбол үчүн күрөшүү;

- Футбол жаатындагы спорттук иш-чараларды коопсуздук деңгээлин жогорулатуу;

- Футболдогу зомбулук жана башка дискриминацияларга каршы туруу;

- Футбол жаатындагы информациялык коопсуздукту эффективдүү коргоо системасын түзүү;

- Футбол жаатындагы машыктыруучулар, калыстар жана башка футбол жаатындагы адистерди даярдоо, кайрадан даярдоо, квалификация, лицензия, аттестацияларын жогорулатуу, иш-чараларын уюштуруу жана көзөмөлдөө.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC