Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ ЖОЛУ ФУТЗАЛ БОЮНА БОРБОРДУК АЗИЯНЫН U-19 ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ

Jan 5, 2022

Бул жылдын 9-18-февраль күндөрү Бишкекте футзал боюнча Борбордук Азиянын футбол Ассоциациясында (CAFA) мүчөлүк кылган курамалар арасында - CAFA U19 Futsal Championship мелдеши өтөт. 

CAFAнан түптөлүшүнөн бери биринчи жолу 19 жашка чейин түзүлгөн жаштар курамалары Борбор Азиянын эң мыкты командасы наамына ат салышат, аталган чемпионат Бишкек шаарында өтөт. 

Буга чейин CAFA мелдештери Душанбе (Тажикстан) жана Ташкент (Өзбекстан) шаарларында гана өткөн.


Мелдеш өтүүчү жер, жүгүртмө, билеттер жана түз алып берүү тууралуу кийинчерээк белгилүү болот. Бизди уникалдуу жана кызыктуу чемпионат күтөт! 

Баардык жаңылыктар тууралуу маалым болуп, Кыргызстандын жаштар курамасына күйөрмандык кылуу мүмкүнчүлүгүн өткөрбөңүз.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC