Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

UEFA Assist

Европа футболдук ассоциациясынын бирикмеси (УЕФА) Кыргыз футболдук союзуна UEFA ASSIST эл аралык программасынын алкагында колдоо көрсөттү. УЕФАнын аталган программасынын алкагында Кыргыз футболдук союзуна Hyundai H1 минивэни жана 700 миң сомдон ашык каражатка организациялык техникалар (компьютерлер, UPS, МФУ жана башкалар) жардам катары көрсөтүлдү. 


UEFA ASSIST эл аралык программасы башка конфедерациялардын улуттук ассоциациялары менен тажрыйба бөлүшүү аркылуу футболду өнүктүрүү жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырат.  UEFA ASSIST программасынын мазмуну – ФИФАнын башка конфедерацияларына пайда алып келе турган тажрыйба жана билим менен бөлүшүү. UEFA ASSIST финансылык эмес, футболду өнүктүрүүгө багытталган ар кандай иш-чараларды өткөрүү сыяктуу практикалык жардамдарды көрсөтүүгө багытталган. 


UEFA ASSIST программасы төрт негизги башкы элементтен туруп, анын ар бири ассоциацияларга жана конфедерацияларга олуттуу жардам берет:
- Окутуу жана тажрыйба менен бөлүшүү;
- Өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү;
- Инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоо;
- УЕФАнын улуттук ассоциациялардын программасын колдоо.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC