Мелдештер

Футбол боюнча мелдештер башка спорт түрлөрүндөгүдөй эле оюндун эң негизги бөлүгү болуп саналат. Мелдештер Кыргыз футбол союзу тарабынан уюштурулат, ар бир мелдештер үчүн өзүнчө регламент жазылат. Регламентте катышуучулардын саны, мелдештердин схемасы, упайлардын саны бирдей болсо жеңүүчүнү аныктоо жана алмашуулардын саны сыяктуу эрежеден тышкары учурлар жазылат. Мелдештер ички жана эл аралык болуп бөлүнөт, ал мелдештер клубдук жана улуттук курама командалар боюнча өтөт. Футболдук мелдештер стадиондордо он миңдеген көрүүчүлөрдү жана телевидениеде миллиондогон аудиторияны чогултат.