Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

ФУТЗАЛ БОЮНЧА 2022 АЗИЯ КУБОГУНУН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫ: АЗИЯНЫН ЭҢ КҮЧТҮҮ КОМАНДАСЫ МЕНЕН ОЮН ӨТКӨРӨБҮЗ

Футзал боюнча 2022 Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартуу аземи бүгүн, 6-январда өттү.

Кыргызстан 2022 Азия Кубогунун бириктирилген Борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндарын кабыл алат. Турнир 1-15 апрель күндөрү Бишкекте өтөт.
Бириктирилген Борбордук жана Түштук зонага 8 өлкө кирет.
Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча 4 командадан турган 2 тайпа түзүлдү.
А тайпасында төмөндөгү командалар жайгашышты: Иран, Кыргызс Республикасы, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.
B тайпасында болсо: Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Непал жайгашты.
2022-жылдын 22 сентябрдан тарта 20 октябрга чейин Кувейтте өтө турчу Азия Кубогунун финалдык этабына тайпаны сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC