Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

CAFA WOMENS FUTSAL CHEMPIONATION ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ БАШТАЛДЫ

25-январда Душанбе шаарында футзал боюнча CAFA Women's Championship эл аралык турниринин экинчи айлампасы башталып, бүгүн Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курама командасы Иран курамасы менен жооптук беттеш өткөрдү.

Тилекке каршы, бул беттеште биздин кыздар дагы утулуп калышты — 5:0. Жаракатынан улам алдыңкы оюнчулар Айтурган Аскарова менен Кенжебүбү Ырысбек кызы курамага катышпай калган, бирок оюн бир топ динамикалуу болуп чыкты деп белгиледи команданын башкы машыктыруучусу Олег Гевленко. Команда оюнун жакшыртып жатат, ар бир оюнда тактикалык жактан жакшыруулар бар.

Турнирде бир күндүк тыныгуу бар. Бул күнү биздин команда машыгуу процессин өткөрөт. Андан ары Тажикстандын командасы менен беттешет, алар бүгүн Өзбекстанга 5:0 эсебинде утулду.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Иран - Кыргызстан 5:0 (3:0)

Голдор: Папи (5'), Рахмати (6'), Могимифарзи (14'), Карими (32'), Ширбейги (33'). Калыс: Зухал Хучаназарова (Тажикстан) Эскертүү: Кубанычбекова 14 (Кыргызстан).

25-январь, Душанбе, көп функционалдуу спорт комплекси

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC