Футбол калыстарынын инструкторлору үчүн ФИФА FUTURO III онлайн-семинары өткөрүлдү

18-20- июлда Эл Аралык футбол Федерациясы ага мүчөлүк кылган Кыргызстан, Тажикстан, Туркменстан, Узбекстан, Армения, Азербайджан, Беларусь, Грузия, Казахстан, Литва, Молдова, Россия, Украина өлкөлөрүнүн калыстардын инструкторлору үчүн ФИФА FUTURO III онлайн-семинарын өткөрдү. Онлайн-семинар ФИФА, АФК и УЕФА колдоосу менен өттү.

Семинарда Кыргыз футболдук союзунун атынан Кочкаров Бахадыр Закирович, Ерошенко Юрий Александрович, Чыныбеков Кадырбек Тешебаевич калыстары катышышты.

Футбол калыстыгынын активдүү өнүгүүсүнө арналган бул семинарда инструкторлордун техникалык билимине басым жасалды.