кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

КЫРГЫЗ ФУТБОЛДУК СОЮЗУНУН ПРЕЗИДЕНТИ МЕДЕРБЕК СЫДЫКОВ АЗИЯ ФУТБОЛ КОНФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

16-ноябрда Бахрейндин борбору Манама шаарында Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыков Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа менен жолугушту.
 
АФКнын президенти КФСтин жаңы шайланган президентин куттуктады, өз кезегинде Медербек Сыдыков да чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, АФК президентинин өз мекенинде жолугушуу чоң сыймык экенин белгиледи.
 
Жолугушууда Медербек Сыдыков Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган максаттары жана пландарын айтып берди. Тараптар учурда футбол Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө да, бүткүл Азия континентинде өнүгүүсү үчүн алакаларды түзүүнүн үстүндө иштөө маанилүү экенин белгилешти.
 
Тараптар ошондой эле келечектеги долбоорлорду талкуулап, мындан аркы кызматташуунун келечегине токтолушту.
  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC