Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

Күйөрмандардын жүрүм-турум эрежелери

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо оюн жүрүшүндө күйөрмандардын жүрүм-турум эрежелери

Урматтуу күйөрмандар, футбол сүйүүчүлөрү! Кыргыз футбол союзу маалымдайт: Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго оюн боло турган күнү эртерээк келүү керек. Стадионго кирүү эшиктер оюнга 2 саат калганда ачылат.

Стадионго кирүү билет аркылуу гана болот, билет менен оюнга чейин жана оюн убагында кирүүгө мүмкүн. 14 жашка чейинки күйөрмандар оюндарды эрезеге жеткен адамдын коштоосунда кире алат. Сатып алынган билеттин өңүнө жараша стадиондогу секторго жайгашат. Аталган секторлорго өтүү стадиондун схемасында белгиленген. Стадионго кирүүнү схема боюнча белгилеп, маршрутту эрте пландаштыруу кажет.

Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо спорттук мелдештер өткөн убакытта бардык күйөрмандардын жүрүм-туруму боюнча бирдей эреже колдонулат. Стадиондо жана анын аймагында болгондо коомдук тартипти сактоо жана нормага ылайык жүрүм-турумду сактоо керек. Башка күйөрмандарга жана оюн катышуучуларына, кызмат көрсөткөн персонал, тартип сактоочуларга карата сый мамиледе болуп, айланадагыларга коркунуч алып келген кыймыл-аракеттерди жасабоо керек.

Стадион жана күйөрмандардын мүлктөрүнө аяр мамиле жасап, тазалыкты сактоо керек.

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, төмөндөгүлөргө күйөрмандарга тыюу салынат:

- диндик, расалык, этникалык жана улуттук конфликтти козуткан, иш-чара катышуучуларын, күйөрмандарды мазактаган жазуу жана символдорду алып келүү;

- бат тутанган, уулуу, жардыруучу заттар, пиротехникалык, учтуу жана кесүүчү нерселер, ок атуучу курал, чоң сумка, портфель, чемодан жана айнектен жасалган буюмдарды алып келүүгө;

- стадионго мас абалда келүү, алкоголдук ичимдиктерди алып келүү, ичүү, спорттук комплексте тамеки чегүүгө;

- оюнга катышуучуларга жана оюн талаасына ар кандай нерселерди ыргытуу;

- оюн талаасына чыгуу, машыктыруучулар, калыстар, жана оюнчуларга ылайыкталган бөлмөлөргө кирүүгө;

- тепкич, өтмөк, отургуч, люк, дубалдарга, тосмо жана тирөөчтөргө секирүүгө.

Көрөрмандар төмөндөгүлөргө укуктуу:

- билет менен стадионго кирүү;

- уюштуруучулар бекиткен стадиондогу коомдук тартипти, кызматтарды колдонуу;

- эрежеге ылайык келген колдоо үчүн керектүү чакырыктарды стадиондо колдонуу;

- фото жана видеотартууларды профессионалдык эмес түзмөктөр аркылуу колдонуу жана аларды коммерциялык эмес максатта колдонуу;

- стадиондо сатып алынган пластмассалык же кагаз стакандардагы алкоголдук эмес суусундук жана тамак-аштар.

Оюн учурунда стадиондун аймагындагы Исанов, Жибек Жолу, Панфилов көчөлөрү жана Чүй проспектерине билет аркылуу гана кирүүгө мүмкүн. Курама командалардын күйөрмандары бул эрежелерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, түшүнүү менен кабыл аларына чын дилден ишенебиз. Команданын жыйынтыгы сиздердин колдооңордон көз каранды.

Туура күйөрмандык кылалы! Кыргызстанды колдойлу! Жасалма билеттерден сактангыла!!!

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC