кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

ТАЖИКСТАН ФУТБОЛ ФЕДЕРАЦИЯСЫ МЕНЕН КАЛЫСТЫК ЖААТЫНДА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Бүгүн, 22 ноябрда Душанбе шаарында Кыргыз футбол союзунун калыстык бөлүмү жана Тажикстан футбол федерациясынын калыстык жана инспекторлук департаменти ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.

Иш чарага Кыргыз футбол союзунунун калыстык комитетинин төрагасы Бахадыр Кочкаров, Тажикстан футбол федерациясынын вице-президенти Алишер Урунов жана калыстык жана инспекторлук департаментинин жетекчиси Рустам Абдуллов катышты.

Аталган келишим, эки өлкөнүн футболдук органдарынын калыстык бөлүмдөрү ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Меморандум жолдоштук оюндарга, турнирлерге, расмий мелдештерге калыстык кылууга, биргелешкен семинар жана окуу-машугуу жыйындарын жана башка эки өлкөнүн калыстык деңгээлин көтөрүүгө көздөгөн иш чаралары өткөрүүгө багытталган.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC