кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

КЫРГЫЗ ФУТБОЛДУК СОЮЗУНУН КЕЗЕКТЕГИ КОНГРЕССИ

Бүгүн, 30-июнда Кыргыз футболдук союзунун Кезектеги Конгресси өттү.

Конгресс КФСтин Уставына ылайык жана бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталуусу менен өткөрүлдү.

Конгресстин катышуучуларын КФСтин мүчөлөрү саналган футболдук клубдар, аймактык ассоциациялар жана өлкөдөгү футболду өнүктүрүүгө салым кошкон уюмдар түздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Конгресске тиешелүү маселелер, анын ичинде уюмдун ишмердүүлүгү боюнча бир жылдык отчету угузулду. Көз карандысыз аудиттин отчету угузулуп бекитилди. Аталган отчет ФИФАга жиберилет.
Күн тартибине ылайык, КФСтин президенти Маматов Канатбек Мурзаевичтин 2020-жылга карата КФСтин ишмердүүлүгү боюнча отчету угузулуп бекитилди.

Ошондой эле Конгрессте каралган маселелердин бири КФСтин Аткаруучу комитетине шайлоо болду. Анын жыйынтыгында Ражабалиев Нурлан Аскаралиевич КФСтин Аткаруучу комитетине шайланды. Эске алсак, Ражабалиев буга чейинки чакырылышта Аткаруучу комитетке мүчө болуп, футбол ишмердүүлүгүнө активдүү катышып келген.

Белгилей кетсек, учурдагы Атакаруучу комитет 2022-жылга чейин шайланган.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC