Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

АФКНЫН «В» МАШЫКТЫРУУЧУЛУК КУРСТАРЫНА КАБЫЛ АЛУУ ЖАРЫЯЛАЙТ

Иш-чаранын датасы:
• Биринчи модул: 2022-жылдын 6-11-июнь;
• Экинчи модул: 2022-жылдын 4-9-июлу;
• Үчүнчү модул: 2022-жылдын 8-13-августу.

Өтчү жери: Бишкек ш., Медеров 1Б, KФС жыйындар залы.

Жалпы маалымат:
Катышуучулардын саны: 18-24.
Жалпы баасы: 21 000-25 000 сом (катышуучулардын санына жараша).
Төлөмдүн эсебинен курстун катышуучулары курс күндөрү мейманканада үч маал тамактануу, толук жабдыктар, кофе-брейк жана канцелярдык товарлар менен камсыз кылынат.

"В" лицензиясы үчүн машыктыруу курстары АФКнын алдында өткөрүлөт. Курстун аягында катышуучуларга АФКнын диплому жана АФКнын машыктыруучулук лицензиясы 2 жылдык мөөнөткө берилет. Бул лицензия АФКнын машыктыруучулук конвенциясына кол койгон бардык өлкөлөр тарабынан таанылган.

Катышуунун критерийлери:
• АФКнын машыктыруучулук лицензиясына ээ болуу;
• 2 жылдан кем эмес футбол боюнча машыктыруучу катары иш тажрыйбасы;
• Жакшы физикалык жана психологиялык ден соолук.
Керектүү документтер:
• Паспорттун ID (милдеттүү) жана эл аралык паспорттун түстүү сканери (эгерде бар болсо);
• «С» АФК машыктыруучу лицензиясынын сканери;
• Иштеген жеринен маалымкат же рекомендация (иш мөөнөтүн көрсөтүү менен)
• Жардам 086.

Катышууга кантип тапшырса болот:
Курстарга катышууну каалагандар катышуу үчүн төмөнкү жолдор менен кайрыла алышат:
• же документтерди (паспорттун жана лицензиянын сканирлөөсүн) tech@kfu.kg дарегине жөнөтүңүз. Каттын темасында көрсөтүңүз: «Д» тренердик курстары үчүн. Каттын текстине байланыш телефон номерлерин жазыңыз;
• Ошондой эле, Медеров 1Б дарегинде жайгашкан КФСнын техникалык бөлүмүнө иш күндөрү (дүйшөмбү-жум) саат 9:00дөн 16:00гө чейин тапшырсаңыз болот.
• же шилтемени чыкылдатуу менен, анкетаны толтуруңуз: https://bit.ly/3tFSDDi

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: April 25, 2022.

Суроолор боюнча КФСнын техникалык бөлүмүнүн адистери Нурсултан Усеновго (+996552203525) же Асанбеков Азаматка (+996700504358) кайрылыңыздар.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC