Союз жөнүндө

Кыргыз футболдук союзу
Кыргыз футболдук союзу – юридикалык жактардын бирикмеси. КФСтин ишмердүүлүгү биринчи кезекте Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат. КФС өлкөдө футболду өнүктүрүүгө жооптуу ФИФА жана АФК тарабынан таанылган жалгыз уюм.
Түптөлгөн жылы: 2019;
Буга чейин: Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы (1992/2019);
АФКга мүчө болгон жылы: 1994;
ФИФАга мүчө болгон жылы: 1994;
Сыйлыктар: “Алга умтулган жылдын федерациясы” (AFC Annual Awards 2014);
Стадион: Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион;
Ачылган убактысы/оңдоп-түзөөлөр: 1941-жыл, 1963, 1980, 2000-жылдар;
18 миң көрүүчүгө ылайыкталган;
Жарык берүүсү (люкс): 1400;
Оюн талаасынын өлчөмү: 105х75 м.