кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

НУРДИН БУКУЕВ ФУТЗАЛ БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНДА ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ КАЛЫСТЫК КЫЛГАН АЛГАЧКЫ КАЛЫС БОЛОТ

12-сентябрдан 3-октябрга чейин Литвада өтө турган 2021-жылкы Дүйнө чемпионатынын оюндарын ФИФА калысы Нурдин Букуев тейлейт. 

Ата-мекендик калыс төртүнчү ирет Дүйнө чемпионатынын оюндарында калыстык кылат. Бул көрсөткүч боюнча Букуев рекорд коет, ал төртүнчү ирет Дүйнө чемпионатында калыстык кылган дүйнөдөгү биринчи ФИФА калысы болот. 

Букуевдин карьерасындагы биринчи Дүйнөлүк чемпионат 2008-жылы Бразилияда болгон. Ошондой эле, ал 2012-2016-жылдардагы Дүйнөлүк Кубоктун оюндарында кызмат кылган. 

Литвада өтө турган Дүйнө биринчилигин 40 калыстар тейлейт, алардын сегизи Азиядан. Чемпионатка Азия футбол конфедерациясынан Кыргызстан, Иран, Япония, Австралия, БАЭ, Кытай жана Бахрейндин өкүлдөрү дайындалган.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC