кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

"НЕФТЧИ" - БК ОЛИМП КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУБОК ЭЭСИ

18-сентябрда Баткен шаарынын Борбордук стадионунда "Алга" менен Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы ортосунда КРнын Кубогунун финалдык беттеши өттү.
 
Белгилей кетсек, тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунун финалы Баткен шаарында өттү. Оюндун негизги убактысы тең чыгуу менен аяктады - 0-0, андан кийин командалар экстра-таймдарды ойношту. Жеңүүчү пенальти сериясында аныткалды. Анын жыйынтыгында "Нефтчи" командасы пенальти сериясында 4-3 эсебинде утуп алды.
 
Ошентип, "Нефтчи" клубу экинчи ирет Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси болду, команда биринчи жолу 2019-жылы Кубокту жеңген эле.
 
Кубоктогу жеңиш "Нефтчи" клубун 2022-жылдагы АФК Кубогуна катышууга укук берет.

 

 
  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC