кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

БИЗДИКИЛЕР ЧЕТ ӨЛКӨДӨ: МУРЗАЕВ ИНДИЯНЫН СУПЕРЛИГАСЫНДА ДЕБЮТ ЖАСАДЫ, БАТЫРКАНОВ АРМЕНИЯНЫН КУБОГУНУН ЖАРЫМ ФИНАЛЫНА ЧЫКТЫ

Nov 24, 2021
23-ноябрда футбол боюнча Индия чемпионатынын жаңы сезону Суперлига башталды. Улуттук кураманын чабуулчусу Мирлан Мурзаев ойногон “Ченнай” клубу “Хайдарабадды” 1:0 эсебинде жеңип алды. Мурзаев негизги курамда чыгып, 83-мүнөттө алмаштырылды.
 
Армения Кубогунда 1/4 финалдык беттеш өтүп, анда Эрнист Батыркановдун “Ван” командасы “Пюник” менен кез келди. Оюндун негизги убактысы 1:1 эсебинде аяктады. Пенальтилер сериясында "Ван" 4:2 эсебинде жеңишке жетти. Чечүүчү пенальтини Батырканов аткарып, командасына жеңиш алып келди.
  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC