Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

БИЗДИКИЛЕР ЧЕТ ӨЛКӨДӨ: АЛЫКУЛОВ - КАЗАКСТАН КУБОГУНУН ЭЭСИ!

Nov 29, 2021

Кечээ күнү, 28 октябрда Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын футбол боюнча Кубогунун финалы орун алды. Беттеште Гулжигит Алыкулов ойногон «Кайрат» менен карагандалык «Шахтер» кез келишти.

Оюндун негизги жана кошумча убактысы 3:3 эсеби менен аяктап, оюндан кийинки пенальтилер сериясы жыйынтыгы боюнча, 9-8 эсеби менен алматалык клуб жеңип чыкты. Ошентип, «Кайрат» Казакстандын 10-жолку чемпиону аталды.

Алыкулов беттештин 81 минутасында оюн талаасына чыгып, 11 метрлик соккулардын бирин ишке ашырды. Эске сала кетсек, алматалык клуб бул сезондо чемпионатта 3 орунду ээлеген. 
 

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC