кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

БИЗДИКИЛЕР CAFA U-15 CHAMPIONSHIP МЕЛДЕШИНДЕ

Nov 23, 2021
Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) 17-ноябрдан бери CAFA U-15 Championship эл аралык турнири өтүп жатат, ага Кыргызстан, Тажикстан, Иран жана Өзбекстандын курама командалары катышууда.
 
Бул турнирге Кыргызстандан бир катар адистер жооптуу болуп дайындалган. Делегациянын башчысы жана турнирдик беттештердин комиссары болуп ата мекендик эксперт Михаил Толкачев дайындалды. Кыргыз футболдук союзунун калыстар комитетинин төрагасы Бахадыр Кочкаров инспектор болуп дайындалды.
 
Мындан тышкары Кыргызстандан да калыстар дайындалды. Турнирдин биринчи жана экинчи күнүндөгү беттештерге ФИФА калыстары Арген Чыңгыз уулу менен Санжар Жакыпбеков калыстык кылышты. Жакыпбеков Иран-Өзбекстан беттешинде башкы калыс болуп, ага Арген Чыңгыз уулу жардам берди. Тажикстан менен Ирандын курама командаларынын беттешинде Чыңгыз уулу да линияда, ал эми Жакыпбеков резервдик калыс болуп иштеген.
 
Белгилей кетсек, CAFA (Борбор Азиянын Футбол Ассоциациясы) ар кандай жаш категориялары боюнча турнирлер ассоциациянын мүчөлөрүн көрсөткөн командалар арасында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC