"Үмүт Кубогу" Эл аралык турнири

Кыргыз футболдук союзу жана Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер футболунун ассоциациясы «Үмүт» эл аралык мелдешинин уюштуруучулары. Кыргызстан, Казакстан, Ооганстан, Азербайжан кыз-келиндер курамалары катышкан бул турнир биринчи жолу 2010-жылы өткөрүлгөн. Турнирди өткөрүүнү максаты кыз-келиндер футболун жайылтуу жана дени сак жашоо образын популяризациялоо. Андан сырткары, турнир оюнчулардын континенталдык чемпионаттарга даярдануусуна мүмкүнчүлүк берет.