Live your goals

Live your goals
Live your goals – аялдар футболун өнүктүрүү жана жайылтуу, спортко көп кыздарды тартууга арналган Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) долбоору. Ошондой эле аялдардын укугу жана гендердик теңдик боюнча негизги маселелер каралат.
«Live Your Goals» кампаниясы Германияда 2011-жылы өткөрүлгөн Дүйнө чемпионатында башталып, аялдар футболуна арналган ФИФАнын эң белгилүү демилгелерине айланды.
ФИФА бул программаны ишке ашырууда көмөктөшүп, керектүү инвентарь жана бренддик футболкалар менен камсыздайт.
22 өлкө менен катар Кыргызстанда кампания 2014-жылы ийгиликтүү иштеп баштап, 2017-жылы жыйынтыкталган.