Кыргыз футболдук союзу коронавирус пандемиясына байланыштуу футболдук клубдарга колдоо көрсөтөт

30-майда Кыргыз футболдук союзунун Аткаруучу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында коронавирус пандемиясына байланыштуу жергиликтүү футболдук клубдарга колдоо көрсөтүү маселеси каралды. Финансылык жүктөмдөрүн жеңилдетүү максатында клубдардын ишмердүүлүгү саресеп кылынып, колдоо көрсөтүү үчүн бир канча сунуштар каралды.

Белгилей кетчү жагдай, Кыргыз футболдук союзунун быйылкы жылкы бюджети өткөн жылкыга салыштырмалуу 40 пайызга кыскарган. Ички демөөрчүлүк пакеттер жана мамлекеттик финансы каражаттар азайтылган, ошондой эле бир катар эл аралык долбоорлор токтотулган. Анткени, Эл аралык футбол ассоциациялар федерациясы жана АФК ар кандай долбоорлордун санын кыскартып, кошумча бөлүнгөн каражаттар бөлүп берилген эмес.  

Аткаруучу комитеттин жыйынынын жыйынтыгында төмөнкү сунуштар бекитилди:

- Кыргыз футбол союзу өз эсебинен клубдардын 2020-жылкы Шоро Премьер Лигасына катышуу үчүн төлөмдү төлөөдө колдоо көрсөтөт

- Быйылкы Премьер Лиганын форматы өзгөртүлүп, оюндар 2 айлампада өтөт

- Премьер Лиганын жүгүртмөсүн клубдарга жеңил кылып түзүү