CAFA (Central Asian Football Association)

CAFA Кубогу, дагы бир аталышы «Борбордук Азиянын футболдук ассоциациясынын кубогу» – бул Борбордук Азия футболдук ассоциацияга (CAFA) мүчөлүк кылган өлкөлөр катышкан эл аралык турнир. Турнир жыл сайын CAFA жана АФК тарабына уюштурулуп турат. 2016 жылы түптөлүп, ошол эле жылдын август айында Өзбекстанда өткөрүлгөн.
Турнирдин катышуучулары, CAFAга мүчөлүк кылган 6 өлкө: Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркменстан, Өзбекстан. Бул өлкөлөрдүн футболдук федерациялары АФК жана ФИФАнын мүчөлөрү.