Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

ФУТЗАЛ БОЮНЧА АЗИЯ КУБОГУ-2022: ТАНДАП АЛУУ РАУНДУНУН ЧҮЧҮКУЛАК ТАРТУУ ДАТАСЫ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

Dec 20, 2021

Азия футбол конфедерациясы футзал боюнча 2022-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын тайпалык раундуна чүчүкулак тартуунун датасын жарыялады. 

Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курама командасынын 2022-жылдын 6-январында тайпа боюнча каршылаштары аныкталат. 
Улуттук курама команда 2022-жылдын 1-15-апрель күндөрү Азия Кубогунун тандап алуу раундунун бириктирилген Борбордук жана Түштүк зоналарында ойнойт.

Чүчүкулак тартууунун форматы боюнча, бириктирилген зонада төрт командадан турган эки тайпа түзүлөт. Кыргызстан Тажикстан менен бирге экинчи кутучада орун алды. Тандап алуу оюндары өтө турган жер кийинчерээк белгилүү болот. 

Кутучалар:
1: Иран, Өзбекстан.
2: Кыргызстан, Тажикстан.
3: Түркмөнстан, Ооганстан
4: Непал, Мальдив аралдары.

Тандап алуу раундунун жыйынтыгы боюнча Түштүк жана Борбордук зонадан финалдык баскычка ар бир тайпадан экиден команда чыгат.
Эске сала кетсек, футзал боюнча 2022-жылкы Азия Кубогу 25-сентябрдан 20-октябрга чейин Кувейтте өтөт.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC