АФК КУБОГУ-2020: ТАЙПАЛЫК ОЮНДАРДЫ БОРБОРДОШТУРУП ӨТКӨРҮҮ ПЛАНДАЛУУДА

Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан профессионалдык футбол лигаларынын Азия футбол конфедерациясынын өкүлдөрү менен онлайн жыйын өткөрүштү. Кыргызстандын атынан аталган жыйынга Кыргызстан профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев жана Кыргыз футболдук союзунун мелдештерди өткөрүү бөлүмүнүн директору Канат Асенов катышышты. Жыйындын башкы темасы катары 2020-жылкы АФК Кубогунун өткөрүү убактысы жана форматы талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мелдешти борбордоштуруп өткөрүү (бардык оюндар бир өлкөдө) форматы кабыл алынды. Тайпалык оюндарды өткөрүүнү өз өлкөсүндө Кыргызстан жана Тажикстан сунушташты. Ошондой эле оюндардын убактылары талкууланып, сентябрдан эрте болбой тургандыгы айтылды. Так убактыларын жана өткөрө турган жерди кийинчерээк АФК билдирет.
Белгилей кетсек, учурдагы Кыргызстандын чемпиону «Дордой» D тайпасында «Алтын Асыр», «Истиклол» жана «Худжанд» менен күч сынашат.