Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

«Мисс футбол» сынагы

Мисс футбол – өлкөдөгү футболду өнүктүрүүгө арналган жыл сайын өткөрүлө турган сынак.

Жеңүүчүнү аныктоо процесси үч этаптан онлайн түрүндө өтөт. Бул өлкөнүн ар кайсы аймагынан кыздардын катышуусуна мүмкүндүк берип, аймактагы жашоочулардын конкурска кызыгуусун күчөтөт. Сынактын шарттары добуш берүүдө ачык жүргүзүлүп, ар бир катышуучуга бирдей мүмкүнчүлүк берилет. 

Сынактын жеңүүчүсүнө “Футбол мисси” деген наамды тастыктаган таажы жана лента тагылат. Бир жыл аралыгында сынактын жеңүүчүсү Кыргыз футбол союзунун эл аралык жана өлкөдөгү иш-чараларда өкүлү жана КФСнин социалдык демилгелеринде катышат.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC