кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

КГАФКИС - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУМ ҮСТҮНДӨГҮ ФУТБОЛ БОЮНЧА КУБОГУНУН ЭЭСИ

Aug 24, 2021

Ысык-Көлдүн Тосор айылында кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогу жыйынтыкталды. Турнирге 8 команда катышты: Бишкек, Чүй облусу, Жалал-Абад облусу, Баткен облусу, Нарын облусу, Тосор а.(Жети-Өгүз району), Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу.

Мелдештин финалында Жети-Өгүз жана КГАФКиС кез келди. Мурунку жылда да финалга дал ушул командалар чыгышкан.

Беттеш чыныгы финалдык оюнду чагылыдырып, эсеп 7:5 КГАФКиСтин пайдасына чечилди.

«Теңир-Тоо» (Нарын) «Тосорду» 7:3 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду.

 

Мелдеш жыйынтыгы:

Жеңүүчү– КГАФКиС

2-орун – Джети-Огуз

3-орун – Тенир-Тоо

4-орун – Тосор

Жабылуу аземинде «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банк» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Курманбаев Дастан Жыргалбекович, КФСтин аткаруучу комитетинин мүчөсү Сабралиева Айгерим Нарынбековна жана КФСтин коммерциялык директору Кутманов Эмиль Мейманбекович сыйлыктарды тапшырышты.

Жеке номинацияда жеңүүчүлөр:

«Көрүүчүлөр боюнча мыкты» - Содалиев Роман («Тенир-Тоо»)

«Мыкты дарбазачы» - Акматалиев Бекболот (КГАФКиС)

«Бомбардир» - Орозалиев Бахтияр («Джети-Огуз»)

"Мыкты машыктыруучу" - Орозбаков Мухтарбек ("Джети-Огуз")

«Мыкты оюнчу» - Алмазбеков Эрбол (КГАФКиС)

Бардык беттештер KYRGYZ SPORT TV каналында YouTube.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC