Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

KFU FOOTBALL AWARDS ЭҢ МЫКТЫЛАРДЫ АНЫКТАЙТ

Dec 1, 2021

KFU Football Awards – Кыргыз футболунда 2021-жылкы сезондун жыйынтыгы боюнча эң мыктыларга сыйлык тапшыруу аземи. Кыргыз футболдук союзу футбол жаатында эң мыкты жетишкендиктерге жеткен инсандарды белгилөө үчүн салтка айланган сыйлык тапшыруу аземин өткөрөт.

Кыргыз өлкөсүнүн футболу жана футзалы үчүн 2021-жыл өзгөчө болуп саналат, анткени, быйылкы жылы Ата-мекендик футбол 100 жылдыгын белгилеп жатат, ал эми сыйлык тапшыруу аземи мааракелүү жылды жыйынтыктайт.

Салтанаттуу кече Буткүл дүйнөлүк футбол күнүндө – 10-декабрда өтөт.

Төмөндөгү номинациялар боюнча сыйылыктар өз ээлерин табат:

«Профессионал лиганын мыкты футболчусу»
«Футзалдын мыкты оюнчусу»
«Футболдун мыкты машыктыруучусу»
«Футзалдын мыкты машыктыруучусу»
«Футболдун мыкты калысы»
«Футзалдын мыкты калысы»
«Мыкты спорттук уюму»
«Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу»
«Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу»

Кийинки публикацияларда ар бир сыйлыктын талапкерлери тууралуу кененирээк билесиздер.

Кечеге кирүү атайын чакыруулар боюнча жүрөт. 

 
  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC