Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

12-оюнчунун баяны

2022 -жылы "Ак-шумкар " өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилейт. Бул убакыт ичинде дүйнөдөгү эң мыкты күйөрмандардын эки мууну өсүп чыкты. Өзүнүн тарыхында команда узак жылдар бою унутта калып калган учуру да болду, бирок акырында мурда болуп көрбөгөндөй бийиктиктерге жетишип, бүткүл өлкөгө чыныгы футбол майрамын тартуулдады.

30 жылдын ичинде Кыргызстандын курама командасы 132 беттешүү өткөрдү, алардын ар биринде биздин кыйышпас футбол күйөрмандарыбыз биз менен чогуу болдуңуздар. Оюн кайсыл жерде гана болбосун, толуп турган "Спартак" стадионундабы, же алыскы Австралияда өтөбү, команда колдоосуз калган жок.

Биздин курама команданын эң алгачкы беттешүүсүндө сиздер эң маанилүү 12-оюнчу болуп бердиңиздер. Бул оюндун ар бир деталы эсибизде, ал биздин жүрөгүбүздө өмур бою сакталып кала берет!

Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы "12-оюнчунун баяны" акциясын өткөрмөкчү, анда ар бириңиздер Кыргызстан курама командасынын биринчи оюнуна кантип барганыңызды айтып берсениз болот.

Баяныңызды өзүңүз тууралуу маалыматтар (аты жөнүңүз, жаш курагыныз, телефон номериниз) менен кошо press@ffkr.kg дарегине жибериңиз. Сүрөтүңүздү кошо тиркегенди унутпаңыз. Эң кызыктуу, адаттан тыш баяндарды социалдык түйүндөрдөгу биздин баракчаларга жарыялайбыз.

Эң мыкты күйөрмандарыбыз кимдер экенин бүтүн өлкө билсин!

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC