Гүлжигит Алыкулов: "Кыргызстанда төрөлүп, эл аралык деңгээлде өз өлкөмдүн намысын коргоп жатканыма сыймыктанам"

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов Азия футбол конфедерациясынын расмий сайтына интервью берди. Анда үй-бүлөсү, улуттук курама командага киргизген алгачкы голдору жана башкалар тууралуу бул макалада.  

- Алгач, азыр сен кайсыл жактасың? Казакстанда футбол жокто кантип убакыт өткөрүп жатасың?

- Азыркы учурда Алматыдамын. Көп убакыттан бери машыгуулар болгон эмес, бирок 4-майдан тарта машыгууларды баштадык. Акырындан өз калыптарыбызга келип жатабыз. Карантин убагында ар кимибиз өз алдынча көнүгүүлөрдү жасап жаттык. 
__________

- Кайрат Премьер-лигада 3 эле оюн өткөргөндөн кийин чемпионат токтотулду. Негизги курамга аракет кылып жаткан сен үчүн муну кандай кабыл алдың?

- 3 оюн өткөрдүк. Бир эле Казакстанда гана эмес, бардык өлкөлөрдө чемпионаттар токтотулду. Бул мени токтотпойт, мен өз алдынчаделе машыгып жатам. Негизги курамга кирүү үчүн болгон аракетимди жумшайм. Колду түшүрбөш керек. Аракет кыла берсем, жыйынтык чыгат.  

___________

- Кайратка өтүүдө кандай шарттар таасир берди?

- Европа, Азиядан сунуштар түшкөн. Мен өсүш үчүн Кайратты тандадым. Бул жерде мыкты база, мыкты команда жана жакшы жамаат бар. Кээ бирлерин таанычумун. Мен дагы скм келет, андыктан Кайрат мен үчүн максаттарыма жетүүмө мыкты платформа болуп берет.  

___________

- Сенде өзүңдү көрсөтүүң үчүн көп мүмкүнчүлүктөр боло элек, бирок Андрей Аршавинден алкыш алдың. Сен анын билдирүүлөрүнө кандай таасир алдың?

- Андрей Аршавин – легендарлуу футболчу, анын карьерасы мыкты болгон. Албетте, ушундай футболчудан алкыш алуу абдан жагымдуу болгон. 


- Казакстан чемпионаты токтотула электе 2020-жылга кандай максаттарды койдуң эле?  

- Эртели-кечпи, чемпионат уланат. Максаттар коюлган - чемпиондукту багындыруу. Бул жылы команда титулду камсыз кылууну көздөп жатат. 
____________

- 2019-жылдын октябюрь айында Мьянмага киргизген голун улуттук курама үчүн алгачкысы болду, кийин Монголияга да киргиздиң. Ошол жума сен үчун канчалык маанилүү болду?

- Биринчиден, мен үчүн командама жардам берүү абдан маанилүү эле. Мен өлкөм үчүн, желегим үчүн ойнодум. Гол киргизгенде айтып бере алгыс эмоцияга чөмүлдүм. Бишкекте өткөн Мьянма менен болгон оюнда мен үчүн абдан мыкты атмосфера болду, арнткени биз өз стадионубузда ойноп, бардык туугандарым стадионго келишкен эле. Ошол гол мага өзүмө ишенич тартуулады. Көп аракет жасап, машыктыруучу штабдын үмүтүн аткарайын дедим. Монголия көбүрөөк катаал оюн өткөрөт, башында оор болуп жатты, бирок өз оюнубузду таба алдык. Бул менин экинчи голума алып келди. Кыргызстанда төрөлүп, эл аралык деңгээлде өз өлкөмдүн намысын коргоп жатканыма сыймыктандым. 
_________

- Бир жыл ичинде көптөгөн аракеттерди жасадың. Беларус лигасында ойноп, кайра Японияга каршы даярданууда кандай айырмачылыктар сезилди? 

- Беларус чемпионаты жакшы. Анда мен тажрыйба топтодум, бул улуттук курама командага ойноомо жардам берди. Адаптация башында оор болгон, бирок мага машыктыруучуларым жардам беришти. Ошондой эле дисциплина дагы көп нерсени чечет.  БАТЭ, Динамо Брест, Динамо Минск, Шахтёр сыяктуу командаларга каршы ойноо мага Япония менен болчу оюнга ишеним тартуулады. Мен бул оюнга эмоциялык жактан даяр болуп чыктым. Мен айткан командалар бардыгы башкача ойношот. Япония менен болгон оюнда упай ала албай калганыбызга кейигенбиз, бирок биз болгон күчүбүздү жумшадык. 

_________
 

- Ушунча жаш кезиңде мыкты футболчу наамын алганыңда күтүүсүз болдубу жана кандай жоопкерчиликти сезип жатасың?

- Чын айтканда, күтүүсүз болду. Себеби, мыкты кандидаттар бар эле. Бул сыйлык мага дагы ишеним берет жана алга карай умтулууну да берет. Дагы көп аракекттерди жасап, игиликтерди багынтууга аракет кылам. 

_________

- Сен Түркияда да бир канча убакыт өткөрдүң. Ал жактан алган тажрыйбаң канчалык жардам берди?

- Түркияда 3 айдан кийин эле түркчө сүйлөй баштадым. Анткени, кыргыз тилине окшош. Бирок, ал жактан документ жактан көйгөй жаралды, себеби 18 жашка толо элек болчумун. Ал жакта бир жыл болдум, машыгып, жолдоштук беттештерде ойноп жаттым. Чемпионатта документтин айынан ойной алган жокмун, Бишкекке келип, кайра башынан баштадым. 

__________


- Сенин атаң Кыргызстанда белгилүү ырчы жана артист болгондугун бардыгы эле билсе керек. Бала кезиңдеги музыка, саякат жана футболдун ортосундагы баланс мени кызыктырат. Кантип футбол үй-бүлөңө кирип калды эле? 

- Бала кезимде мен ар дайым атам менен гастролдо же концерттерде жүрчүмүн. Мен үчүн кызыктуу эле. Ал эң белгилүү Шорпо ырын ырдаганда сценага мени чакырып алчу, мен атам менен чогуу бийлечүмүн. Футбол менен улуу агам алектенчү. Ал Алга, Дордой жана Кыргызстандын жаштар курама командасында ойночу. 2011-жылы Дордой академиясынын жарыясын көрүп калгам, бул мени дароо кызыктырды. Аны апама көргөздүм, эртеси алгачкы машыктыруучум Владимир Садовскийдин алдында машыгып баштадым. 

__________
-Атаңды видеороликтерден көрсөк, күлкү жаратып жатканын көрсөк болот. Агаң дагы популярдуу артист.Сенин чабуулга багыт койгон стилиң фанаттарга абдан жагат. Үй-бүлөңдө эмоцияга бөлөгөн адамдардын болушу кадыресе көрүнүшпү? 

- Ооба. Атам жөнүндө атсам, ал өлкөдө атактуу куудул эле, бардыгы таанышчу. Агам учурда чыгармачылык менен алектенет. Бул биздин каныбызда окшойт. Биздин үй-бүлө ар тараптан шыктуу десем болот, атам бир канча музыкалык аспапта ойной алчу, импровизация чебери эле. Тилекке каршы, 2014-жылы көзү өтүп кетти, мен анда 13 жашта элем. Ал достору менен баскетбол, футбол ойноп калчу, мени машыгуума жеткирип турчу. Менин ийгиликтеримди көрбөй калгандыгы капалантат. Мени менен сыймыктанмак болушу керек деп ойлойм. 

__________

- Коронавирустан кийин футболду күтүп жатабыз. Кайсы эки оюнду сен күтүүдөсүң, биринде өзүң ойной аласың, экинчисин сен көргүң келген оюн?

- Азыркы учурда Казакстан чемпионатынын башталашын күтүп жатабыз. Биз үчүн бардык оюндар маанилүү. Ар бир оюнда өзүмдүн командама жардам бергим келет.