Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

Grassroots

 

Grassroots программасы

 

Grassroots программасы – бул футбол бардыгына дегенди түшүндүрөт. Ага 6 жаштан 12 жашка чейинки курактагы ар бир каалоочу катыша алат. Программанын баалуулугу жаш курактагы балдар ортосундагы расалык, курактык, экономикалык кедергилерди кыскартуу. Иш-чараны өткөрүү максаты оюндун базалык ыкмаларын үйрөнүү, ошондой эле футболду жаш футболчулар арасында гана эмес, футбол ойнобогондор арасында да таратуу.

Программанын иш-чарасы 2 этапка бөлүнгөн: 1-этап – теориялык курстар. Теориялык курстарды ФИФА инструктору атайын машыктыруучуларга, дене тарбия жана спорт инструкторлоруна өткөрүлөт. Алар курстан алган билим жана методикаларды келечекте колдонушат.

 2-этап – практикалык. Практикадык этап фестивалдарда өткөрүүнү камтыйт. Grassroots фестивалы футбол ойноп көрө элек же же жаңыдан үйрөнүп баштаган жаш балдарга арналган бир күндүк иш-чара. Фестивалга 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар жана кыздар катышат.

Grassroots фестивалындагы инструкциясы жок оюндар аркылуу жана инструкциясы бар техникалык көнүгүүлөр менен, толук курамда эмес оюндар жана техникалык көнүгүүлөр менен балдар оюндан ырахат алып, өз алдынча ойногонго үйрөнүшөт. Ошондой эле футболдун баштапкы ыкмаларын жакшырта алышат. 

Grassroots программасы ФИФАнын техникалык колдоосу менен Кыргыз футбол союзу ишке ашырат.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC