кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

КЫРГЫЗСТАН U-15 КУРАМАСЫНЫН БАШКЫ МАШЫКТЫРУУЧУСУ САМАТ СУЙМАЛИЕВ: «CAFA ТУРНИРИ КЕЛЕ ЖАТКАН АЗИЯ КУБОГУНА ДАЯРДАНУУ ЭТАПТАРЫНЫН БИРИ»

Nov 18, 2021

Бүгүн, 18-ноябрда CAFA U-15 Championship эл аралык турниринин старты алдында Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран U-15 курамаларынын башкы машыктыруучуларынын катышуусу менен пресс-конференция өттү.

Кыргызстандын U-15 курамасынын башкы машыктыруучусу Самат Суймалиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, даярдык жана турнирден кандай жыйынтык күтөөрү тууралуу сөз кылды.

«Буга окшогон турнирлер ар бир команда үчүн оюнчуларды баалоого эң жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Бул турнир өспүрүмдөр арасындагы 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдык көрүүнүн этаптарынын бири. Команда буга чейин Бишкекте эки жолу окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүгө жетишти. Эң башкы максатыбыз – кураманын команданын оюнчуларын баалоо, анткени курам жаңы. Андан тышкары, сапаттуу оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз. Менимче, оюндар кызыктуу өтөт, анткени, командалардын деңгээли жакшы».

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC