Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

ФИФА Жаш таланттарды табуу жана өнүктүрүү программасы

ФИФИ жана Кыргыз футболдук союзу жаш таланттарды табуу жана өнүктүрүү уникалдуу программасын ишке киргизүүнү баштады.

Долбоорду баштоо этабы катары КФСнин Техникалык бөлүмүнүн жана ФИФА эксперттеринин видеоконференциясы болду.

Online-конференцияны ФИФА менеджери  Раймондас Статкявичус жана ФИФА эксперти Эдвинас Эймонтас өткөрүштү.

Видеоконференциянын темасы «Talent Development - Football Ecosystem Analysis» улуттук ассоцияларды колдоо программасын ишке киргизүү болду.

Долбоордун башкы максаты Кыргызстандын футбол мектептердеги жаш таланттуу бүтүрүчүүлөрдү аныктоодо максималдуу түрдө ыңгайлуу шарттарды түзүү саналат.

Программанын башчысы мурунку белгилүү машыктыруучу, азыркы учурда ФИФА функционери Арсен Венгер эсептелинет. 2019-жылдын ноябрь айында адис ФИФАнын футболду глобалдуу өнүктүрүү бөлүмүн жетектейт.

 
  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC