FIFA Forward

FIFA Forward
Кыргыз Республикасынын футболдук клубдарына жакшыртылган шарттар жана коопсуз мобилдүүлүк
- Жаңы микроавтобустар Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү программасынын бөлүгү.
- FIFA Forward программасынын каражаттары жаңы микроавтобустар алганга колдонулган
- FIFA Forward программасы тууралуу кененирээк билип алыңыз
Кыргыз Республикасы тоолуу аймак болгондуктан көп учурда кыйынчылык жаралып, бир жактан экинчи жакка барууда бир канча убакытты алат.
Кыргыз футбол союзу (мурунку КРФФ) өлкөдөгү клубдук футболду өнүктүрүү жана командалардын мобилдүүлүгүн, коопсуздугун жакшыртуу аракетинде FIFA Forward программасынын алкагында 120000 доллар бөлүнгөн. Кыргыз Республикасынын клубдарын жана ички чемпионатты өнүктүрүү азыркы учурда приоритеттүү маселе болуп саналат.
КФСнин стратегияларынын бири болуп, клубдардын инфраструктураларын жакшыртуу, алардын бири 18 жүргүнчүдөн кем эмес транспорттук каражат менен камсыздоо. Командаларды колдоо иретиндеги транспорт аларга күнүмдүк керектөөгө жана оюндарга барууга жардам берип, көп оюндарды уюштурууга өбөлгө түзөт. КФС клубдарды микроавтобустар менен камсыздоо жана алардын барып келүүдөгү каражаттарын азайтуу тапшырмасын койгон. Муну менен катар жаш командаларга чемпионат жана башка турнирлерге катышууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип, өлкөдөгү футболду өнүктүрүүгө багыт койду.
Улуттук курама команданы колдоонун чеги Азия Кубогунда байкалды, анда Ак шумкар 1/8 финалына чыга алган. Бул прогресс дүйнөлүк рейтингде топ-100 жана Азияда 12-орунду ээлеп тургандыгы өлкөдө футболду өнүктүрүүгө болго салым үзүрүн берип жаткандыгын көрсөттү.