Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

КЫРГЫЗ ФУТБОЛУНУН 100 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН ФУТЗАЛ БОЮНЧА ДОСТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛӨТ

Dec 13, 2021

2021-жылдын 17-декабрында Кыргыз футболдук союзунун демилгеси менен “Газпром” спорттук комплексинде кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук мелдеши өткөрүлөт. Бул турнирдин негизги максаты - өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Ата-мекендик футбол үчүн 2021-жыл өзгөчө жыл. Быйылкы жылы өлкөбүздө футболдун пайда болгонуна туура жуз жыл болду.  
 
Футбол жөн гана оюн эмес, ден соолуктун жана командалык духтун символу. Алдыда боло турган мелдеш бардык катышуучулар үчүн гана эмес, өлкөдөгү бардык футбол күйөрмандары үчүн да спортко кошулуп, ар бир адамдын сүйүктүү оюнунун мааракесинин бир бөлүгү болуп, дени сак жана жигердүү спорттун маанилүүлүгүнө көңүл буруу үчүн эң сонун окуя болот. Турнирге Президенттик аппарат, улуттук футболдун ардагерлери, жалпыга маалымдоо каражат, спорттук уюмдардын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышат. 
 
Датасы: 17-декабрь (жума)  
Өтүүчү жер: ФОК «Газпром»  (Бишкек ш, «Арча-Бешик»)

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC