кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

КЫРГЫЗ ФУТБОЛДУК СОЮЗУНУН ЭГИДАСЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН БАРДЫК ИШ-ЧАРАЛАР ЖАНА МЕЛДЕШТЕР 2021-ЖЫЛДЫН 30-ИЮЛУНА ЧЕЙИН ТОКТОТУЛДУ

Азыркы учурда өлкөбүздө коронавирустук инфекциянын жайылуусу көбөйүп, анда ооруга чалдыккан ар курактагы адамдардын саны улам өсүүдө.

Ошондой эле футболчулар, машыктыруучулар, административдик кызматкерлер жана футбол жаатында иш алып баргандар арасында ооругандар көбөйүп жатат.

Мындан улам, Кыргыз футболдук союзу өз эгидасында өткөрүлгөн бардык иш-чаралар жана спорттук мелдештер 2021-жылдын 30-июлуна чейин токтотулганын кабарлайт.

Алдыда КФС коронавирустук инфекциянын жайылуусу боюнча дыкат мониторинг жүргүзүп, абал кандай өрчүшүнө байланыштуу чечим чыгарат. 

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC