кыргызский футбольный союз

ВМЕСТЕ ВПЕРЁД

АРДАГЕРЛЕР АРАСЫНДА КР ЧЕМПИОНАТЫ: ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР СЫЙЛАНДЫ

Nov 23, 2021
Өткөн ишембиде, 20-ноябрда, футбол ардагерлери арасында Кыргыз Республикасынын чемпионатынын 12-турунун кайра пландалган беттеши болуп, андан кийин чемпионаттын жабылыш аземи өткөрүлдү.
 
Сыйлыктарды тапшыруу аземи Кант шаарындагы "Нитро Арена" стадионунда "Дордой" - "Нитро" беттешинен кийин дароо өттү. Сезондун финалдык беттешинде чемпионаттын лидерлери өз ара беттешти. Ал эми сыйлык тапшыруу аземи күнү алар көрүүчүлөргө укмуштуудай футбол тартуулашты жана бул беттеш торттун алчасына айланды. Беттеш 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктады! Эске салсак, акыркы турда “Нитро” “Дордойдон” 5 упайга озуп, мөөнөтүнөн мурда чемпиондукту камсыздаган.
 
Жыйынтык чыгарууга Футбол ардагерлер союзунун президенти Эркин Насыров, Кыргызстан футбол союзунун башкы катчысы Нурдин Букуев, «Абдыш-Ата» клубунун башкы директору Советбек Сакебаев, сезонго катышкан командалардын өкүлдөрү жана футбол ардагерлери катышты. Өз сөзүндө КФФнын башкы катчысы Нурдин Букуев чемпионаттын катышуучуларынын жаш курагына карабай чеберчилигин жана дилгирлигин белгилеп, бардык жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктады.
Салт боюнча байге ээлеринен тышкары номинациялар боюнча мыкты оюнчулар да жеке сыйлыктарга ээ болушту. Ошондой эле 2021-жылдын сезонунун аягында Регион-09 командасы Биринчи Лигадан Премьер-Лигада ойноо укугуна ээ болгонун кошумчалайбыз.
 
“Дордой” – “Нитро” 4:4 (2:3)
Судья: Дамир Жаныбеков
Голдор: Бакирдинов, 28; Дуванаев, 43; Касымов, 45, 75 - Жамшидов, 3; Ахметов, 15; Гавшин, 40; Бокоев, 50.
 
Чемпионаттын жыйынтыгы:
I орун – «Нитро» (Кант)
II орун – “Дордой” (Бишкек)
III орун - «Биздин» (Кант).
 
Мыкты оюнчулар:
Эң мыкты калыс: Жаныбеков Дамир
Мыкты дарбазачы: Акрам Акбаралиев («Биздин»)
Мыкты коргоочу: Руслан Сыдыков («Дордой»)
Мыкты жарым коргоочу: Самарбек Андабеков («Нооруз»)
Мыкты чабуулчу: Вячеслав Чорновол («Тойота»)
Эң мыкты бомбардир: Игорь Гавшин («Нитро»)
Мыкты оюнчу: Андрей Журба (Нитро).

Турнирдик жадыбал

 Место

 Команда

И

В

Н

П

Мз

Мп

Разн

О

1

Нитро

20

17

3

0

139

32

+107

54

2

Дордой

20

15

4

1

79

32

+47

49

3

Наше

20

13

2

5

67

39

+28

41

4

Нооруз

20

12

3

5

86

43

+43

39

5

Кара-Балта

20

9

4

7

34

28

+6

31

6

Алга

20

9

3

8

37

28

+9

30

7

Тойота

20

7

2

11

24

58

-34

23

8

Аламудун

20

6

3

11

38

60

-22

21

9

Бешикташ

20

5

2

13

40

65

-25

17

10

Алтын-Топ

20

3

1

16

21

83

-62

10

11

Достук

20

0

1

19

17

114

-97

1

 
  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC