Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

CAFA WOMENS FUTSAL CHEMPIONSHIP: ҮЧҮНЧҮ ТУРДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Jan 25, 2022

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер курама командасы CAFA Women's Championship футзал боюнча эл аралык турниринин 3-турунда Иран курамасына утулуп калды.

Беттеш Душанбе шаарындагы көп функционалдуу спорт комплексинде өттү.

Футзал боюнча дүйнөлүк “элита” саналган, кыз-келиндер командалары арасындагы эң күчтүү лигалардын бирине ээ болгон Иран курамасы Кыргызстандын командасынын дарбазасына 10 жоопсуз гол киргизип, жеңишке жетишти.

Мурдагы оюндарга салыштырмалуу Кыргызстандын командасы мыкты даярдыгын көрсөттү, бирок физикалык жана техника жагынан командалардын ортосундагы айырмачылык сезилди. Ошентип, Иран дагы эле турнирдик таблицада алдыда келе жатат жана утулбай баратат, экинчи сапта бул турда Тажикстанды 8:1 эсебинде утуп алган Өзбекстандын командасы турат. Үч оюн күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы кошумча көрсөткүчтөр боюнча тажикстандык командадан ылдыйда, турнирдик таблицада 4-орунда келе жатат.

Эртең, 25-январда турнирдин 2-туру башталып, биздин команда Иран курамасы менен кайрадан беттешет. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Кыргызстан - Иран - 0:10 (0:7)

Голдор: Ширбейги (2'), Могимифарзи (5',36'), Заманифарди (7'), Рахмати (8'), Ахади (11'), Карими (13',38'), Папи (20'), Хосрави (33').

Калыс: Умид Полатов (Өзбекстан)

Сары кагаз: Күмүшбек кызы (Кыргызстан)

24-январь, Душанбе, көп функционалдуу спорт комплекси

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC