КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЛЫСТАР ТАЖИКСТАН ЧЕМПИОНАТЫНЫН ФИНАЛДЫК СЕРИЯСЫНЫН БЕТТЕШТЕРИНДЕ КАЛЫСТЫК КЫЛЫШУУДА
Oct 23, 2021
Футзал боюнча кыргызстандык калыстар Келдибеков Элдияр жана Раимбердиев Талант Тажикстандын футбол федерациясынын чакыруусу боюнча футзал боюнча Профессионалдык лиганын командалары арасындагы Тажикстан чемпионатынын финалдык сериясынын беттештерин тейлегенге чакырылышты.
Беттештер эки шаарда - Худжанд менен Дүйшөмбүнүн ареналарында өтөт. 23 жана 24-октябрда боло турган бул беттештердин жыйынтыгы менен 2021-жылкы сезондун футзал боюнча Тажикстан чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталат.