Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

КЫРГЫЗСТАНДЫК КАЛЫСТАР CAFA WOMEN’S FUTSAL CHAMPIONSHIP МЕЛДЕШИНДЕ

Jan 25, 2022

21-январдан тарта Душанбе шаарында Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Иран курамалары катышып жаткан CAFA Women’s Futsal Championship эл арылык мелдеши өтүп жатат.

Аталган турнирге дайындоону бир катар Кыргызстандын калыстары алышты: ФИФА калыстары - Чынгыз Мустафаев, Талант Раимбердиев жана Мырзабек Жапаров.

Биринчи турдагы Өзбекстан-Иран оюнунда Мустафаев башкы калыс болуп, Раимбердиев болсо жардамчы калыс болду.

Экинчи турда болсо, Тажикстан-Иран оюнунда Жапаров жардамчы калыс, Чынгыз Мустафаев-хронометрист болду.

Үчүнчү оюн күнү Тажикстан-Өзбекстан оюнунда Раимбердиев баш калыстык кылып, Жапаров жардамчы, Мустафаев хронометрист болду.

 CAFA Women’s Futsal Championship – Борбордук Азия футбол ассоциациясынын курамына кирген футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курамалары арасында өткөн турнир.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC