Кыргыз футболдук союзу

Бирге Алга

АМИРЖАН МУКАНОВ: «БОЛО ТУРГАН КВАЛИФИКАЦИЯ БИЗ ҮЧҮН МЫКТЫ МҮМКҮНЧҮЛҮК»

Футзал боюнча 2022 Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартуу аземи бүгүн, 6-январда өттү.

Кыргызстан 2022 Азия Кубогунун бириктирилген Борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндарын кабыл алат. Турнир 1-15 апрель күндөрү Бишкекте өтөт.
Бириктирилген Борбордук жана Түштук зонага 8 өлкө кирет.
Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча 4 командадан турган 2 тайпа түзүлдү.
А тайпасында төмөндөгү командалар жайгашышты: Иран, Кыргызс Республикасы, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.

B тайпасында: Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Непал жайгашты.
2022-жылдын 22-сентябрдан тарта 20-октябрга чейин Кувейтте өтө турчу Азия Кубогунун финалдык этабына тайпаны сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов чүчүкулактын жыйынтыгына токтолду.

ЧҮЧҮКУЛАК ТУУРАЛУУ

- Акыркы куржунду алсак, буга чейин Непал менен ойногонбуз, бирок Мальдив аралдары менен ойной элекпиз. Бул эки команда тең учурда кандай абалда экенин айтуу кыйын. Ошондой эле Түркмөнстан менен Ооганстандын курама командасынын абалы тууралуу маалымат жок. Потенциалдуу, албетте, эки команда тең жаман эмес, бирок дүйнөдө болуп жаткан окуялар өз изин калтырды: Түркмөнстан жабылып, оюн окуялары өлкөнүн ичинде гана өтүп жатат. Ооганстанда саясий кырдаал оңой эмес жана ал улуттук кураманын оюнуна кандай таасир этээри азырынча ачыктала элек. 

Биринчи корзинадагы каршылаштарга келсек: Өзбекстандын курама командасынын чемпионатка катышуусу көп нерсе берди – мыкты даярдык иштери жүргүзүлдү, алдыңкы футзал командалары менен контролдук беттештер өткөрүлдү. Команда өстү. Акыркы бир нече жылдын ичинде биз Өзбекстандын курама командасы менен көптөгөн оюндарды өткөрдүк жана анын жыйынтыгы боюнча белгилүү бир паритет сакталып калды: жеңилүү – жеңиш, же Бишкекте же Ташкентте. Биз аларга каршы ойнош керек экенин билебиз жана мындай тең салмактуулук бул тандоодо да оң натыйжага мүмкүнчүлүк берди.

Ирандын курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышкандан кийин биз үчүн анча жакшы эмес десек болчудай.

ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА

- Биз акыркы тандоо турундагыдай эле бир тайпага түшкөнбүз, бир гана Мальдив курамасы кошулду. Квалификацияда 2017-жылы да, 2019-жылы да Түркмөнстандын курама командасын жеңе алдык, бирок оюндар абдан оор болгонун белгилей кетүү керек, оюн жүрүшүндө утулуп жаттык. Жолугушуунун экинчи жарымында гана таразаны өз тарапка оодарууга жетиштик. Айрыкча капталдарда, күчтүү оюнчулары бар команда, жекеме-жеке жакшы ойнойт. Алардын Азия чемпионатына даярдануусу (2020-жылы Азия чемпионаты Түркмөнстанда өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам болбой, Кувейтке такыр көчүп кеткен) из калтырбай өткөн жок, менимче. Бизди абдан олуттуу оюн күтүп турат жана мен ойлойм, бул финалдык баскычка чыгуу үчүн тайпада чечүүчү болот.

Мальдив аралдарынын курама командасы боюнча, кайталап айтам, эч кандай маалымат жок. Биз азыр бул команда үчүн материалдын үстүндө иштейбиз.

Иран курама командасы Азиядагы алдыңкы команда. Литвада өткөн дүйнөлүк биринчилик команда үчүн майнап чыккан жок, тапшырмалар аткарылбай калды. Иран турнирге коло байге ээси статусунда келген, бирок 2021-жылы Казакстандын курама командасынан жеңилүү жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Бирок, ага карабастан, машыктыруучулар штабы жана оюнчулардын курамы сакталып калган. Иран курама командасынын декабрь айындагы жолдоштук оюндары бул команда Казакстандын курама командасы менен болгон оюнда мурункуга караганда күчтүүрөөк жана мыкты көрүнгөнүн көрсөттү. Мен ошондой эле мурунку кемчиликтерди калыбына келтирүү каалоосу бар деп болжолдойм. Күчтүү жана тажрыйбалуу атаандаш менен абдан жакшы оюн өткөрөбүз. Бирок Бишкекте, күйөрмандарыбыздын алдында ойной турганыбызды унутпайлы. Анын үстүнө, биз биринчи жолу квалификацияларды кабыл алабыз, бул бардыгын жүз пайыз берүүгө стимул болуп, мекенибиздин дубалдарында мыкты оюнубузду көрсөтүүгө түрткү болот деп ишенем. Ошондой эле турнирдин мындай деңгээлде өтүшү Кыргызстанда футзалдын өнүгүшүнө жана кызыгуусуна кошумча түрткү берет деп ишенем.

Жыйынтыктап айтканда, Бишкекте өтө турган алдыдагы тандоо туру дүйнөнүн эң күчтүү курама командаларынын бири менен ойноп, өзүн көрсөтүү үчүн гана эмес, эң негизгиси – оюндардын кайра кайтып келүүсү экенин белгилей кетүү керек.  Азиядагы ири турнирлердин токтотулушу бул жалпы футзалдын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизди.

  • FiFa
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC
  • AFC