CAFA U19 FUTSAL CHAMPIONSHIP МЕЛДЕШИНЕ ЖМКЛАР ҮЧҮН АККРЕДИТАЦИЯ
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,
Кыргыз футболдук союзу 2022-жылдын 12-февралынан 18-февралына чейин өтө турган CAFA U19 Futsal Championship эл аралык турнирине ЖМКны аккредитациялоо мезгили башталганын жарыялайт.
19 жаштан ашпаган футболчулардан куралган футзал боюнча жаштар командалары CAFA түзүлгөндөн бери биринчи жолу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эң мыкты командасы наамы үчүн ойношот жана бул мелдеш Бишкекте өтөт.
Аккредитация ээсине кепилдик берет:
– Беттештин алдындагы маалымат-жыйынына катышуу;
– Беттеш күнү ФОК Газпром турнири өтүүчү жерге бекер кирүү;
– Акысыз Wi-Fi аркылуу медиа зонага жайгашуу;
– фотокабарчылар үчүн зонада жайгашуу укугу (ЖМК өкүлдөрүнүн кыймыл схемасы боюнча);
– Беттештин протоколу.
Фото жана жазуу корреспонденттерине аккредитациядан өтүү үчүн CAFA FutsalU19 Accreditation белгиси менен press@kfu.kg дарегине төмөнкү маалыматтарды жөнөтүшүңүз керек:
- толтурулган анкета, аны тиркелген документте көчүрүп алса болот
- журналисттин ак фондогу сүрөтү - 3x4 см, 300 dpi
___________________________________
Аккредитацияны алуу үчүн квоталар:
– спорттук басылмалар: 2 адам (фотожурналист менен кошо);
– маалымат агенттиктери: 2 адам (анын ичинде фотокабарчы);
– радиостанциялар: 1 адам;
– телеканалдар: 2 адам (анын ичинде видеооператор);
– спорттун интернет-басылмалары: 2 адам (фотожурналист менен кошо).
Категориялар
а) Жазуу (PRE)
б) Фотографтар (PHO)
в) уктуруу укугу жок радио жана телеканалдар (NRH)
Азия футбол конфедерациясынын талаптарына байланыштуу ар бир ЖМК түрү үчүн өзүнчө иш зонасы каралган. Маалымат үчүн:
Фотографтар үчүн медиа иш-чаралар (категория - PHO):
1. Матч алдындагы маалымат-жыйын
2. Оюн алдындагы командалык машыгуу (съёмка үчүн алгачкы 15 мүнөт берилет);
3. Матчты сүрөткө тартуу. Белгиленген аймакта гана жайгашкан.
4. Микс зонасында иштөө (матчтан кийин);
5. Сүрөт тартууга укугу жок медиа зонада болуу;
ЖМК жазуу боюнча медиа иш-чаралар (категория - PRE):
1. Матч алдындагы маалымат-жыйын;
2. Оюн алдындагы командалык машыгуу (алгачкы 15 мүнөт бар);
3. Медиа зонада иштөө;
4. Микс зонасында иштөө (матчтан кийин);
ТВ медиа үчүн медиа иш-чаралар (категория - NRH):
1. Матч алдындагы маалымат-жыйын;
2. Оюн алдындагы командалык машыгуу (алгачкы 15 мүнөт бар);
3. Видео тартууга укугу жок медиа зонада болуу;
4. Микс зонасында иштөө (матчтан кийин).
Эскертүүлөр:
* Бардык ЖМК өкүлдөрүнө Facebook, Instagram ж.б. социалдык тармактарда түз эфирге чыгууга тыюу салынат;
* Беттеш учурунда фотографтар катуу белгиленген жерде болушу керек. Кызмат ордун алмаштыруу тыныгуу учурунда гана мүмкүн;
* Фотографтарга жана телевидениеге матч учурунда жаркырагычтарды жана лампаларды колдонууга тыюу салынат;
* Фотографтар жана телеберүүчүлөр спорт комплексинде жүргөндө ар дайым баш кийим кийүүгө милдеттүү;
* Командалардын техникалык аймагында фотосүрөтчүлөр жана телекөрсөтүү каражаттары болушу мүмкүн эмес;
* Бул пункттардын кайсынысы болбосун бузулган учурда аккредитациялык төш белги кайра кайтарылгыс негизде анын ээсинен бир тараптуу алып коюлат;
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! БЕТТЕШТЕР МЕДИЦИНАЛЫК ПРОТОКОЛДУ катуу сактоо менен жана КОРОНАВИРУС ИНФФЕКЦИЯСЫНЫН ЖАЙЫЛУУСУ БОЮНЧА БАРДЫК ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮҮ МЕНЕН ӨТКӨРҮЛӨТ.
Аккредитацияга кайрылуу автоматтык түрдө аккредитацияга кепилдик бербейт. КФС айрым адамдарга аккредитациялоону тандоо укугун өзүнө калтырат. Аккредитациялоо процессинин соңунда аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеси көрсөтүлөт.
__________________________________________
Аккредитациялоо мөөнөтү 2021-жылдын 24-январынан 6-февралына чейин созулат (кошкондо). Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн арыздар каралбайт.
Аккредитациялык карталардын жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланат.
Эскертүү. Аккредитациялык карталар турнирдин мезгилине берилет. Карточкасы жок журналист матчтарга бара албайт.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон аркылуу байланышсаңыз болот:
+996 (555) 903604 Наталья Угрюмова (Кыргыз футболдук союзунун Коммуникация бөлүмүнүн башчысы)
+996 (551) 089111 Адилет Керимбек уулу (Кыргыз футболдук союзунун Коммуникация бөлүмүнүн адиси)